Печать
Категория: Коом
Просмотров: 180

 

Депутат Акылбек Жапаров аким болууга талапкерлерге  талапты күчөтүүнү сунуштады. Айтымында мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы тажрыйбасы аныкталчу беренени өзгөртүү зарыл. 

 

"Райондорго башчы болууга талапкер ага чейин мамлекеттик кызматта беш жылдан кем эмес, анын үч жылын жетекчилик кызматтарда иштеген болуусу керек. Жашы да 30 жаштан жаш болбосун, жогорку билимдүү болуусу зарыл", - деди Жапаров. 

 

 Депутат акимди дайындоо жана кызматтан алуу жергиликтүү кеңштин жыйынынын демилгеси же макулдугу менен жүргүзүлөт деген норманы алып салууну сунуштады. Анткени эл өкүлүнүн пикиринде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жерге байланышкан тармактагы потенциалын жогорулатуу зарыл, ал үчүн мамлекеттик жерлерди башкаруу боюнча ыйгарым укукту акимдерге берүү керек.