Печать
Категория: Коом
Просмотров: 125

 

Баткен облусунун жашоочуларынын бийликке болгон кайрылуусун "Чек ара" коомдук уюмунун өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйыны аркылуу жарыялашты. 

 

 "Чек араны тактоо боюнча комиссияга Кыргызстандын картасын билбегендер киришиптир. Алар чек ара маселесинде эч нерсени билишпейт. Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын карап көрүп биздин комиссия Кыргызстандын кызыкчылыгын сактоого жарамдуу эместигин түшүнсө болот. Алардын айрымдары өлкөнүн тагдыры чечилип жатканда сүйлөшүүлөргө жөн гана отуруп берүү үчүн келишет. Биз комиссиянын курамына компетенттүү адамдар келишин каалайбыз", - дешти алар. 

 

Лейлек районунун Катран айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаев өкмөттүк комиссиянын төрагасы вице-премьер-министр Жеңищ Разаковго ишенбестигин билдирди. Ал Исфана-Ош автоунаа жолундагы курулуш боюнча Жеңиш Разаковдун жообу жазылган документти көрсөттү. 

"Ал Кыргызстан Тажикстандын аракетине тоскоол боло албай турганын жазыптыр, анын айтымында автоунаа жолдун жанындагы аймак бизге тиешелүү эмес экен. Бул толугу менен саботаж. Ушундай адамдарга кантип ишенебиз?" - деди Бөрүбаев. 

 

 Баткендин жергиликтүү кеңешинин депутаттары Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу жолун издешүүдө. Алар журналисттерден колдоого алууну өтүнүп, анклавда калбаш үчүн бийликке маселени жеткирүү зарылдыгын айтышты. Айтымдарында эгер туура эмес чечим кабыл алынса райондун айрым айылдары анклавга айланып калышы ыктымал.