Печать
Категория: Коом
Просмотров: 255

 

Сентябрдагы Баткендин чек арага жакын жайгашкан Максат айылы менен Тажикстандын Овчи-Калача айылынын жашоочуларынын ортосундагы жаңжал тажик тараптын пайдасына чечилгенсиди. Анткени ошол жаңжалдан кийин коңшу мамлекеттин жарандары кыргыз жериндеги футбол талаасына ээн-эркин кирип калышты. 

 

Бул тууралуу Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Шайырбек Орозалиев маалымат жыйынында билдирди. 

 

"Ага чейин тажик калкы футбол талаасына уруксат сурап кат жазып анан макулдук алгандан кийин келишчү. Азыр болсо ээн-эркин каалаган убагында кирип футбол ойноп калышты. Негизи эле коңшулардын бул талаага көз артып жүргөнүнө көп болгон", - деди депутат. 

 

Айтымында Максат айылындагы чек ара заставасындагы кароол мунара да алынып салынган. Бул дагы тажик тараптын талабы болгон. Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам коңшу мамлекет акырындык менен кыргыз жерин көздөй жылып, ал эми кыргыз тарап аракетсиз отурганын кабарлайт.