Печать
Категория: Коом
Просмотров: 235

 

Акыркы учурда Кыргызстандагы жана башка өлкөлөрдө биздин өлкөгө байланышкан  окуялардын болуп жатканы министрлер кабинетинин алсыз экенин билдирет. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бардык терс көрүнүштөргө өкмөттү айыптап, мындан улам министрлер кабинети ишин улантууга акысы жоктугун белгиледи. Ошондой эле кылмыштуулук жана Стамбулдагы окуя боюнча өкмөттүн маалыматын угуудан эч кандай майнап чыкпашын белгиледи. 

 

Төрөбаев алгач көпчүлүк коалициянын башчысы Иса Өмүркуловго кайрылды:

 

"Кайсы жерде кылмышкер кармалбасын Кыргызстандын паспортун көтөрүп жүргөн болот. Лейлекте, Кадамжайдагы шахтада кырсык болуп, адамдар өлдү. Киши өлтүрүү көбөйгөндөн көбөйүп баратат. Бюджет толбой жатат. Мунун баары силдердин өкмөт, силердин өкмөт башчыңардын щалаакылыгы. Өкмөттү жана премьер-министрди силер дайындагансыңар, жоопкерчилик кайда? Жок дегенде бир аз болсо да болуп жаткан окуяларга реакция жасоо кайда? Ушундай шалаакы иштерден кийин Абылгазиевдин отставкасын талап кылуу керек эмеспи?" - деди. 

 

Иса Өмүркулов "өкмөттү коргобой турганын" белгиледи жана "каалаган учурда отставкага кетирүү аракетин көрө берүүгө" уруксат берди. 

 

"Өкмөттүн отчетун күтүп, тийиштүү баа берүү керек. Эгер көңүл толоорлук болбосо, ишин алып кете албаганы белгилүү болсо анда отставкага кетирүү керек", - деген Өмүркулов Төрөбаевди өзүн кармап, эмоцияга алдырбоого чакырды. 

 

Акырында депутаттар өлкөдөгү криминалдык кырдаал тууралуу маалыматты угууну туура деп табышты. Парламент бүгүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча маалымат берүүгө келген Абылгазиев жана башка өкмөт мүчөлөрүнө кылмыштуулук боюнча да суроо узатышмай болушту.

 

Эске салсак кытай ишкери Айэркен Саймаитинин Түркияда өлтүрүлгөнүнө шектелип үч жаран кармалган. Алардын экөө кыргызстандыктар, бирөө сириялыктар экени белгилүү болгон.