Печать
Категория: Коом
Просмотров: 76

 

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков кечээ, 12-ноябрда президент Жээнбековдун жарлыгы менен кызматтан алынган. Тышкы иштер министрлиги башкы консулдун эмнеге кызматтан алынганын түшүндүрдү.

 

Маалыматка караганда Эркин Сопоков Range Rover  үлгүсүндөгү автоунаасы Кытай жараны Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жерде  кандайча болуп калганын түшүндүрө алган эмес.

 

 Министрлик муну кызматтан алынуунун биринчи себеби катары атады. Белгиленгендей 2019-жылдын октябрь айынын аягында Сопоков дипломатиялык номерлерди каттоо эсебинен алуу жана кайтаруу процедураларын бузуу менен  Range Rover автоунаасын “Рамадан туризм” автосалонуна сатуу үчүн берген. Киши өлтүрүлгөн жерде автоунаасы кантип пайда болгонун айтып бере албаган.

 

Экинчи себеби иштеги кемчиликтери. Сопоков башкы консулдукка 2017-жылдын 17-апрелинде дайындалган. Эки жылдан бери кызматтык милдеттерин аткара албаганы үчүн эскертүү алган. Негизинен Сопоков жана башкы консулдуктун айдоочу-завхозу  И. С. Хавазов бир нече ирет жол эрежелерин жана транспорттук каражаттарды пайдалануу эрежелерин бузушкан. Буга байланыштуу Сопоковго сөгүш берилип, ал эми Хавазов иштен алынган.

 

 Ошондой эле ТИМди текшерүүдө Башкы прокуратура Сопоков 2017-жылга карата бирдиктүү  салык декларациясын тапшырбаганын аныктаган.  Мына ушулардын баары биригин Эркин Сопоковдун кызматтан алынуусуна алып келген.

 

Айэркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы отелдердин биринде атып өлтүрүлгөн. Анын жанынан 34 CC 2092 дипломатиялык номер кадалган автоунаа табылган жана тез эле ал автоунаа башкы консул Эркин Сопоковго таандык экени белгилүү болгон.