Мурдагы президент Атамбаевдин үй-бүлөсүнө саясий куугунтук болууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.
Айтымында саясий куугунтук мурдагы президенттин тарапташтарына гана эмес үй-бүлөсүнө да багытталып жатат.
"Саясий куугунтук бир гана тарапташтарга эмес, Атамбаевдин үй-бүлөсүнө тие баштады. Прокуратура мамлекеттик кызматтарды мурдагы президенттин уулунун ишканасына текшерүү жүргүзүүгө мажбур кылып жатат", - деди депутат.
Ал белгилегендей мамкызматтар ишкерчиликке тоскоолдук жаратышууда. Атамбаевдин уулунун автоунаасын, батирин жана банктагы эсебин камакка алышты.
"Элде азыр учурдагы бийлик Атамбаевге байланышкан нерселердин баарын ушундай жол менен жок кылууга аракеттенип жатат деген пикир пайда болду", - деди Карамушкина.