Печать
Категория: Коом
Просмотров: 108

 

Сүймөнкүл Чокморов атындагы коомдук фонд СССРдин эл артисти Сүймөнкүл Чокморовдун эстелигинин монументалдык-скульптуралык композициясын реконструкциялоо боюнча ишти баштады.

 

Эске салсак улуу актердин эстелиги 2017-жылы Бишкектеги Чүй проспектиси менен К. Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине тургузулган. Аны скульптор Алмаз Кожогулов жасаган.

 

“Скульптор Алмаз Кожегуловдун иши элге жаккан эмес. Коомчулук эстелик менен улуу актердун эч кандай окшоштугу жоктугун айтып келишкен. Ошондуктан Сүймөнкул Чокморов атындагы фонд киноактердун жаңы облигин жаратууга башка скульпторлорду тартты. Учурда бул иш менен скульптор Азамат Абдырахманов, архитектор Нурсейит Мамбетказиев алектенип жатат. Эстелик 17-ноябрга чейин алмаштырылат”, - деп билдирди Бишкек мэрия.