Саламаттыкты сактоо министрлиги Чүй ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна 1 миллион 462 миң 691 сом бөлдү. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Абылгазиев кол койду.
Каражат өкмөт башчысынын резервдик фондунан бөлүндү.
Самат Курманкулов 12-августтан тартып Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборунда дарыланып жатат. Ал Кой-Таш окуясында жарадар болгон.