Печать
Категория: Коом
Просмотров: 72

Жакындан бери кыргыз коомчулугу латын арибине өтүү маселесин талкуулап келет. Эксперттер да бул маселенин тегерегине ой калчаган тегерек столго чогулушту. Андагы пикирлердин басымдуу бөлүгү өткөнүбүз кириллицага байланышып калганына жана аны өзгөртүү мүмкүн эместигине бурулду. 

Мисалы, саясат талдоочу Марс Сариев депутаттын латын алфавитине өтүү демилгесин “жеңил ойлуулук” катары баалайт. Эл өкүлү бул демилге канча деген зыян жана чыгымдарды алып келээрин билбей эле айтып койгонун белгилеген саясат талдоочу эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында эле латын арибине өткөн коңшу өлкөнү мисалга келтирди.

“Өзбекстан эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында эле латын арибине өткөн. 25 жылдан бери ал өлкөдө кандай өзгөрүү болду? Мектеп окуучулары үчүн окуу китептерин гана латын арибинде чыгара алышты, а калган адабий, көркөм, тарыхый адабияттар кирилица менен калды. Алардын баарын которуп чыгууга чоң каражат жумшалмак. Жыйынтыгында, 25 жылда тарыхын, адабиятын билбеген муун өсүп чыкты. 25 жылдагы муунду жок кылышты”, - деди Марс Сариев.

Айтымында Өзбекстандын улуттук китепканасындагы китептердин 95 пайызы кириллица менен жазылгандар. Анын баарын которууга өлкөнүн чама-чаркы чак келбеди.

Саясат талдоочу мурдагы союздун курамындагы өлкөлөр арасында бир гана Армения менен Грузия ариптен арипке өтпөй, баштапкы тамгаларын сактап калганын белгиледи.

“Ушул эки өлкө тарыхы менен байланышын үзүшкөн жок. Кыргыздар бир канча ариптерди колдонушту. Араб арибинен латынга, латындан кириллицага өтүштү. Эми кайра латынды күсөп баштагандайбыз. Муну оңой көрбөө керек, түрк тилдүү өлкөлөр ар бир жолу арибин алмаштырууда бир канча жылга артка кеткен. Эгер азыр латынга өтөбүз деп чыксак өткөн доорубуз менен байланышыбыз үзүлөт, урпактар кириллица менен жазылган көп руханий мурастарыбыздан кабарсыз калышат. Муну менен тегин, тарыхын билбеген түркөй муунду чоңойтобуз”, - деди саясат талдоочу.

 Кыргызстанда башка арипке өтүү демилгеси мезгил мезгили менен көтөрүлүп турат. Билим берүүнүн мурдагы министри Ишенгүл Болжурова латын алфавитине өтүү демилгесинде элементардуу саясат жатат деп эсептейт. Ошондой эле экс-министр демилгенин авторлоруна өз чөнтөктөрүнөн каражат чыгарып ишти баштап көрүүнү сунуштады.

“Заманбап менеджментте маселени чечүү эмес, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө түшүнүгү бар. Мен латын арибин тандап жаткан депутаттарга район, көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүп жазуу, документация жана китептерди которууга кеткен каражаттарды өздөрү чыгарышсын дейт элем. Ошондо сунуштарын аткарууга даярбы, же даяр эмеспи билебиз”, - деди мурдагы министр.

Ал эми КРСУнун профессору Махмед Тагаев кыргыз эли түрк дүйнөсүнө караганда орус элине жакыныраак экенинен кеп салды. Ал демилгечилеринин аргументтеринин бири Кыргызстан латын алфавитин колдонгон түрк дүйнөсүнө карай турганы болуп жатканын белгиледи. Бирок профессордун пикиринде биздин түрк дүйнөсүнө окшоштугубуз аз.  Ал кыргыздар бир убактарда рун жазуусунан баш тартып, латынга өткөнүн эске салды. Пикиринде бир ариптен экинчиге өтүү – куйрук менен башты кесип салган менен барабар. Профессор Өзбекстанды мисалга алды, аталган өлкөдө жаш муундарга классикалык чыгармаларды кириллицаны тааныгандар окуп беришет. Анткени бул өлкөнүн жаш мууну өткөн менен байланышын үзгөн, тарых жазылган тамганы таанышпайт.

Учурда өлкөбүздүн тышкы миграциясынын басымдуу бөлүгү Россияга багытталган. Мамлекеттик миграция кызматынын 2018-жылга берген маалыматына караганда 640 кыргызстандык орус жергесинде жашап иштеп жүрүшөт. Экинчи орунда Казакстан – бул мамлекетте Кыргызстандан барган 35 миң мигрант катталган. Латын арибине өтүү мигранттарга терс таасирин гана тийгизет.

Эксперт Марат Сүйүнбаев демилге “русофобиядан” улам жаралып жатканын, бирок демилгечилер кириллица орустарга тийиштүү эместигин унутуп калышканын билдирди.

“Орусташпайбыз деген аракет болуусу мүмкүн. Бирок кириллица орус ариби эмес, ал эки грек тарабынан түзүлгөн”, - деди ал.

Эксперттер кириллицадан кетүүнү тарыхтан баш тартуу катары баалашты.

Эске салсак  Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан Кыргызстанды латин арибине өткөрүү маселеси көтөрүлгөн. Билим берүүнүн жаңы министринин талапкерлиги каралып жаткан чакта депутат Алтынбек Сулайманов түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасында бир гана Кыргызстан кириллицада калганын айткан. Болочок министр Каныбек Исаков дагы депутаттын демилгесин колдоп, мүмкүнчүлүк болсо эле латын арибине өтүүгө каршы эместигин билдирген.  

Аэлита Сатындиева