Печать
Категория: Коом
Просмотров: 81

 

Өкмөт күз-кыш мезгилдеринде жылытуу маселесине жалпы жонунан даяр. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган тиешелүү жетекчилер КСДП фракциясынын жыйынында билдиришти. 

Маалыматка караганда,  Нарын дарыясындагы суунун көлөмү аз болгону менен быйылкыга жетиштүү. Атамекендик көмүр кендери менен келишимдер түзүлгөн. Ал эми Казакстандын шабыркүл көмүрү бүгүн-эртеӊден тарта келип баштайт.

Ошондой эле жыйында элге газ берүү, газдаштыруу маселесин ыкчамдатуу, эскилиги жеткен электр линияларын алматыруу, турак-жай курууга жер транспормацияланбай жатканы ж.б. маселелер айтылды.