Печать
Категория: Коом
Просмотров: 66

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен бир күндүк жумушчу сапары менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Кургак жер аскерлер топторунун катышуусунда биргелешкен практикалык иш-аракеттер өтө турган Оренбург шаарына (Россия) барат.

 

Өткөрүлүп жаткан машыгуулардын негизги максаты — азыркы мезгилдин шарттарында аскердик аракеттерди жүргүзүүгө үйрөтүү, союздаш мамлекеттердин аскердик башкаруу органдарынын ыкчам шайкештигин жогорулатуу.

 

Ошондой эле Кыргызстандын жана Россиянын башчылары жолугушуу өткөрүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде аймактагы коопсуздукту камсыздоо маселелерин дагы талкуулашат.

 

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов.