Фотожурналист Влад Ушаков “Фейсбуктагы” баракчасына Чаткал районунун сүрөтүн жарыялады. Бул айырмасы он жыл болгон сүрөттөр мезгилдин бир убагында Чандалаш суусунун жогору жагынан тартылган. “Форумда, тегерек столдордо, эл аралык конференцияларда экологияны сактоо зарылдыгын айткандарга ушул эки сүрөттү көрсөтсөңөр болот”,- деп жазды фотожурналист сүрөттүн үстүнө. Сүрөт Абдыжапар Нурдинов тарабынан тартылганы белгиленген.

 

Чаткал Бишкектен 770 чакырым алыстыкта жайгашкан тоолуу район. 2007-2008-жылдан тартып райондо алтын өндүрүүчү компаниялар өз ишин баштаган. Компаниялардын басымдуу бөлүгү Кытайга таандык. Акыркы беш жыл ичинде эле Чаткалдагы алтын жана сурма казуучу жайга 8 лиценция жең ичинен “сатылганы” маалым болгон. Ушул жылдын февраль айында депутат Аида Касымалиева Чаткалдагы кен казуучу жайларга өткөрүлгөн аукциондо коррупциялык элементтер бардыгын жарыялаган.


Жергиликтүү эл алтын компаниялардын иштешине каршы. Алар суунун булганып жатканын, жаратылышга эбегейсиз зыян келтирилгенин бир нече жолу айтып, ал турмак митингге да чыгышкан. Бирок жергиликтүү бийлик элдин талабына кулак салган жок. Кытайлык компаниялар чекесинен кертип-кемитип райондун ажайып жаратылышына суук колун салып жатканына бийлик кайдыгер. Алтын деп жүрүп алтындай баалуулуктарыбыздан айрылып калбайбызбы?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити