Ош шаарында  июнь окуяларынын бир жылдыгына карата коопсуздук чаралары күчөтүлө баштады.Бул туурасында мэрдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул чаралар жарандардын коопсуздугун сактоо жана мүмкүн болуучу террордук актылардын алдын алуу максатында жасалууда.

Мэрдин талабы боюнча, бардык уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери май майрамдарынан жана андан соңку дем алыш күндөрүндөгү күзөт кызматтарынын иштөө графигин, ошондой эле алардын телефон даректерин Ош шаардык мэриясына маалымдашы керек.

Ошондой эле, ички иштер органдарынын кызматкерлерине укук-тартип көзөмөлүн, өзгөчө, эл көп чогулган жайларда – базарларда, темир жол жана автобекеттеринде, соодо түйүндөрү жайгашкан жерлерде күчөтүлгөн режимде аткаруулары милдеттендирилди.

 

 
Кабар