Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев Бишкек шаардык сотуна арыз жазды. Ал мурдагы президенттин баш коргоо чарасына нааразы болгон.
"Атамбаевди сотко 16-августта алып келүүлөрү керек. Ал абакта мыйзамсыз кармалып жатат. Кылмыш жаза кодексинде мурдагы президент камалбайт деп так, даана жазылып турат. Мен баш коргоо чарасы боюнча жазган арызымды ушул жүйөнү келтирдим", - деди Слесарев.
Атамбаевге башаламандыкты уюштуруу, барымтага алуу, коррупция, адам өлтүрүү жана адам өлтүрүүгө аракет жасоо беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Биринчи май райондук соту аны 26-августка чейин абакта кармоо чечимин кабыл алган.