Печать
Категория: Коом
Просмотров: 131

 

УКМКнын 9-башкармалыгынын эки кызматкери мурдагы президентти кайтарууга берилген. Коопсуздук кызматынын Иликтөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулунун маалымат жыйынында айтканына таянсак, эки кызматкер мыйзам боюнча мурдагы президентти коргошу керек, бирок УКМКга баш ийүүгө милдеттүү болчу. 

 

"Алар Кой-Ташка Атамбаевди кармоо үчүн барган УКМКнын жоокерлеринин буйругуна баш ийүүлөрү керек эле. Бирок, алар Атамбаев менен чогуу качып, үйүнө жашынып алышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө аракеттерине юридикалык баа берилет", - деди Самидин уулу.