Печать
Категория: Коом
Просмотров: 93

 

7-августтагы окуяларда,  мурдагы президент Атамбаев кармалгандан соң анын тарапташтары тарабынан "Вега" компаниясына 4 миллион сомдон ашуун чыгым келтирилген. 

 

Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда,  Бишкекеги  7-Апрель жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги, Бөкөнбаев менен Абдрахманов, Чүй менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишиндеги жабдыктар сындырылган.

 

Факт  Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Талкалоого шектүүлөр видеокамераларга тартылып калган, ал тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.