Печать
Категория: Коом
Просмотров: 80

 

ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов өзүнө тагылган кинелер боюнча расмий билдирүү таратты. Анда, генерал-майор жеке кызыкчылыгы болбогонун билдирди. 

 

"7-8-августта Кой-Таштагы окуядан улам өлкөдө оор кырдаал түзүлдү. Ал Ички иштер министрлигинин өздү курамынын колдоосу менен жайына келди. "

 

Мен өзүмдүн кызматтык милдетимди аткардым деп эсептейм. Жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койгон жокмун. Мен үчүн мундирдин урматы жана генералдын сөзү жөн сөз эмес. Мен кызмат учурунда мамлекет коркунучка кептелген бир топ учурга кабылганымды белгилеп коеюн. Мындай кырдаалда мен мамлекеттин туруктуулугун камсыздоо үчүн күчүмдү жана өмүрүмдү аяган эмесмин. Мага байланыштуу маселе кийин ачылат деп эсептейм. Өлкөмдүн жана өзүмдүн абийиримдин алдында мен акмын”, - дейт Асанов тараткан билдирүүсүндө. 

 

Ошондой эле ал элдин колдоосуна жана өлкөдө тартипти камсыз кылган укук коргоо жаатынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. 

 

 

Эске салсак, 13-августта Курсан Асанов премьер-министрдин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.