Печать
Категория: Коом
Просмотров: 120

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убактылуу кармоочу жайда отурган тарапташтары ал жердин шартына нааразы эмес. Бул тууралуу кыйноого каршы Улуттук борборунан билдиришти. 

 

Аталган борбордун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайга барып, акыбалдары менен таанышып кайтышкан. 

 

Фарид Ниязов, Алга Кылычев, Амантур Жамгырчиев жана Кыяс Смаиловди бүгүн Бишкектеги №1 тергөө изоляторуна жөнөтүлөт, ал жерде тергөө амалдары аяктаганга чейин болушат. 

 

Фарид Ниязовго массалык башаламандыкты уюштуруу жана атайын кызматтын кызматкерлерин барымтага алуу боюнча айып расмий тагылды. 

 

 

Алмазбек Атамбаевге сот 26-августка чейин УКМКнын абагында кармоо чечимин чыгарган.