Печать
Категория: Коом
Просмотров: 102

 

8-августтан 9-августка караган түнү Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы массалык башаламандык 109 миң 826 сомду түздү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

 

Маалыматка караганда, Ала-Тоо аянтындагы металл тосмонун талкаланышы 30 миң 200 сомго зыян келтирген. Көк-Жар кичи районундагы Шабдан-Баатыр көчөсүндөгү тосмонун 25 метри да запкы алып, ал 7 миң 500 сом чыгашаны көрсөткөн. 

 

Ала-Тоо аянтындагы 53 миң 536 сомдук органикалык айнек да талкаланган. 

 

Андан сырткары ар кайсы суммадагы 3 евроконтейнер, бир жайлык гүлдөр, брусчаткалар, газон жараксыз абалга кептелген. Көпчүлүк өзүнөн кийин калтырган таштандыларды тазалоого мэрия 3 миң 500 сом жумшаган.