Печать
Категория: Коом
Просмотров: 112

 

 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы УКМКнын кызматкерлерин барымтага алуу жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы массалык башаламандыкты уюштуруу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

 

Азыркы учурда ИИМдин тергөө кызматы тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө. Кечээ сотко чейинки өндүрүштүн алкагында,  Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык,  мындан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн А. Атамбаевдин тарапташтары суралды. 

 

Ошондой эле медиа форум акционердик коомунун жана "Апрель тв" телевидениесинин мүлкү камакка алынды.

 

Тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө массалык баш аламандыктарды уюштургандыктары жана барымтага алуу фактыларынын негизинде КСДПнын Штабынын өкүлдөрү А.Кылычов менен А.Жамгырчиев Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.