Печать
Категория: Коом
Просмотров: 121

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанынан Калашников автоматы октору менен табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, 9-августта шаардык милициянын тергөө кызматына С.С. аттуу жаран кайрылган. Ал АК-47, 46 огу менен магазин, эки аскер каскасын жана бир ок тагылган белбоо тапканын айткан. 

 

Табылган куралдарды өз эрки менен тапшырып берген. Көрсөтмөгө ылайык, жаран өзүнүн буюмун издеп жатып, мурдагы президенттин үйүнөн 100-150 метр аралыктар эки шлем, бири жашыл, бири кара түстөгү - таап алган. Андан тышкары АК-47, жашыл түстөгү ок курчалган белбоо жана октору менен бир магазин тапкан. Чогултулган материалдар маалыматтар журналына катталып, андан аркы териштирүү үчүн ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлдү.