Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында колуна бычак көтөрүп, видеого түшкөн жаран кармалганын Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Видео соцтармактарга жарыяланган, анда жаш жигит колуна бычак көтөрүп, "ИИМден да, УКМКдан да коркпойм", - деген.
Бишкек ШИИБинин маалыматына караганда, ал жаран мурдагы президент Атамбаевди кармоо операциясы учурунда күч түзүмүнүн кызматкерлерин барымтага алууга катыштыгы бар деп шектелүүдө.
"Каарман" 1999-жылы туулган Э. И. аттуу жаран экени аныкталды.