Печать
Категория: Коом
Просмотров: 94

 

Мурдагы президент Атамбаевдин уулу Сейитбек ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына кечээ, 9-августта кечинде сурак берип чыкты. Бул тууралуу КСДПнын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди. 

 

Сейитбек Атамбаев күбө катары сурак берип, андан кийин үйүнө жөнөтүлгөн. 

 

7-августта мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө атайын кызмат Атамбаевди көрсөтмө берүүгө мажбурлоо жолу менен алып кетүүгө барган. Ага дейре ИИМдин суракка үч жолку чакыруусун мурдагы президент көңүл сыртында калтырган. Күч түзүмүнө Атамбаевдин тарапташтары каршылык көрсөтүшүп, бир нече адам жабыркаган, күч түзүмүнүн бир кызматкери көз жумган. 

 

Атамбаев учурда 26-августка чейин камакка алынган.