Печать
Категория: Коом
Просмотров: 346

 

Мурдагы президент Атамбаевдин кызы Алия Шагиева видеокайрылуу жолдоду, анда атасынын айланасында болуп жаткан окуялар тууралуу айтып берди. 

 

"Атамды криминалдык авторитет Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча абсурд ишке күбө катары көрсөтмө алуу үчүн кармаганга аракеттенишкен имиш. Бирок, чындыгында аны бир топ тарапташтары сыяктуу жөн гана оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн камакка алалы дешкен. Атам бийлик сурак боюнча Конституциялык соттун чечимин күтүшү керектигин талап кылган, болбосо ал Батукаевдин иши боюнча билгенинин баарын ММКларга айтып берген, тергөө кызматтары үчүн кат жүзүндө бардык маалыматты берүүгө камынган. Биз Кубан Кулматов менен Сапар Исаков "күбө катары көрсөтмө" берүүгө барышып, дароо камакка алынышканын унута элекпиз. Сотсуз жана териштирүүсүз эле камап салышпадыбы.

 

Атам мындай кырдаал укук талаасына киргенге, Конституциялык соттун чечими чыкканга чейин  биз өзүбүздү коргоого укуктуу экенибизди айтты. Ар бир чабуул экс-президенттин үйүнө болгон кылмыштуу чабуулга автоматтык түрдө кирет. 

 

Атайын кызмат атамдын үйүнө кечинде чабуул жасашты, бул убакта атам күн сайын аны өз эрктери менен колдоого келген адамдарга жарым саат чыгып сүйлөшөт. Көбүн чабуул үйгө аялдар жана жаш балдар атам менен сүрөткө түшүү үчүн келген кезде башталганы нааразы кылды. 

 

Башкача айтканда, бийлик мыйзамсыз чабуулдун убактысын атайын белгилеп, массалык карама каршылыкты жаратууну көздөгөн. 

 

Атам камакка алынаары менен мага телефон салып, күч кызматтарына жаңы курмандыктарды болтурбоо үчүн колго түшүп бергенин айтты. Чындык биз тарапта", - деп жазды Алия Шагиева.