Печать
Категория: Коом
Просмотров: 95

 

Мурдагы президент Атамбаевдин тарапташтары камалган жок. Аларды атайын күч түзүмдөрүнүн иши боюнча суракка мажбурлап алып келишкенин укук коргоо кызматтарынан билдиришти. 

 

ИИМдин Тергөө кызматына Атамбаевдин беш тарапташын, Алга Кылычовду, Темирлан Султанбековду, Амантур Жамгырчиевди, Эрмек Океновду жана Тилек Абдиевди алып келишкени айтылууда. Аларды ИИМдин имаратына атайын күч кызматы алып келген. 

 

Ага дейре, "Форумдун" алдында бир нече тарапташ кармалганы айтылган.