Печать
Категория: Коом
Просмотров: 91

 

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

 

 

Маалыматка караганда,  8-август күнү саат 21:09да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

 

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.