Маркумду акыркы сапарага узатуу зыйнатында Ниязбековдун апасы өмүр бою Атамбаевди каргап жүрүп өтөөрүн айтып ыйлады. Алмазбек Атамбаевге окшогон адамдар бул дүйнөдө жаралбасын деген ачуу сөздөрүн алууга аргасыз болду.

 

Ошондой эле, уулу өмүр бою өлкө үчүн күрөшүп келгендигин белгилеп, ” Африкада дагы террористтерге каршы күрөшүп, бирок Атамбаев террористтин колунан курман болду” деп сай-сөөгү сыздады.

 

Белгилей кетсек, 46 жаштагы спецназдын төшүнө ок тийген. Ок анын жүрөгүн жана өпкөсүн тешип өткөн. Анын өпкөсүндө 3 литрге жакын кан толуп, операция жасоо учурунда жүрөгү токтоп калган.

 

Улуттук коопсуздук органынын подполковниги Үсөнбек Ниязбеков 1972-жылы Ош областында туулган. “Альфа” кызматында 2000-жылдан тарта иштеп келген. “Эрдик” сыйлыгынын ээси. Жарым жылдан кийин пенсияга чыкмак.

 

"Элдик.Медиа"