Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдөгү мааракелик жыйыны башталды.

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлагандай, жыйын Евразия экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана Евразия экономикалык комиссиянын төрагасы Тигран Саркисяндын кытышуусу менен өтүп жатат.

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазие жыйындын катышуучуларын Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Макулдашууга кол коюлушунун 5 жылдыгы жана евразия интеграциясы идеясынын 25 жылдыгы менен куттуктап, бүгүнкү жыйынды Кыргыз Республикасында өткөрүү сунушун кабыл алгандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан ары кеңейтилген чөйрөдөгү жыйын башталып, жыйынтыктоочу документтерге кол коюлат.

Өкмөт башчылар экономикалык интеграция, ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу, каржы саясаты, экономика, соода жана өнөр жай тармагында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын талкуулашат.

Күн тартибинде транс чек аралык кызматташуу, агрардык өнөр жай комплекстерин өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдору, алкоголдук рынокту жөнгө салуу жана башка маселелер бар.

Эске салсак, Евразия экономикалык Биримдигине Орусия, Казакстан, Армения, Беларуссия, Кыргызстан кирет.

"Марал"