Печать
Категория: Коом
Просмотров: 108

 

7-8-августта Кой-Таштагы окуялардан бир нече адам жаракат алып, мурдагы президент Кой-Ташта каалагандай концерт койду.

 

Тилекке каршы хансарайдан кан чыгып, канчалаган адамдар жаракат алып, ак сарай окко чыланды.      

 

Тилекке каршы, Үсөн Ниязбеков Кой-Тараптан атылган октон көз жумуп, Самат Курманкулов оор абалда. Андан тышкары 90 дон ашууна адам медициналык кароого муктаж экени айтылды.

 

Учурда социалдык тармактарда Кой-Таштагы болгон окуя кызуу талкууга алынып, Ички Иштер министрлиги мактоого алынууда.

 

Ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев генерал Курсан Асановго ыраазычылыгын билдирди.

 

"Курсан Асанов Кой-Ташта экс-президентти кармоо операциясынын башында туруп, жөнөкөй жарандарга жана күч органдарынын кызматкерлерине олуттуу зыян келтирбей, өз милдетин так, жоопкерчиликтүү аткарып, профессионалдуулугун дагы бир ирет далилдеди.

Анын 2010-жылдагы кандуу Ош окуясында эл менен бирге болуп, тынчтыкты камсыз кылууга, улуттар аралык достукту, ынтымакты бекемдөөгө кошкон салымын жакшы билебиз.

Курсан Сатарович кыргыз милициясынын жүзү, чыныгы генерал гана эмес, ал мамлекеттин бүтүндүгүн, кызыкчылыгын биринчи орунга койгон патриот инсан экенин көрсөттү.

Ага бекем ден соолук, үй-бүлөсүнө бакубатчылык, жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалайм",- деген Төрөбаев.

 

Булак: NazarNews.kg