УКМКнын башчысы Опумбаев парламент жыйынына катышты. Ал Атамбаевди кармоо операциясы тууралуу айтып берди.
- Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп, айдап келүү жөнүндөгү тапшырманы аткаруу үчүн кызматкерлердин оптималдуу санын аракетке келтирдик, - деди Опумбаев. - Мурдагы президент мыйзамга баш ийбеди, жана үйүнө, тагыраак айтканда, бункерге жашынып алды. Ал жайдын сүрөтү бар, көрсөтүүгө даярмын, -деди Опумбаев.
Ошондой эле ал күч түзүмүнүн каза тапкан кызматкерине снайпердик куралдын огу тийгенин, өзү кошо түнү менен Кой-Ташта жүргөнүн билдирди.
-Атамбаев жаш балдарга ок чыгарат деп ойлобогом. Курал колдонууга уруксат бербегениме өкүнүп жатам, -деди УКМК жетекчиси.