Печать
Категория: Коом
Просмотров: 66

 

9-августка караган түнү Бишкектин айрым жерлеринде “Коопсуз шаар” долбоорунун видеокөзөмөл камералары талкаланды.

Маалымат технологиялары жана байланыш комитети билдиргенине караганда, 7-апрель жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде аппараттык-программалык комплекс толугу бойдон талкаланды. Чүй-Шопоков жана Бөкөнбаев-Абдрахманов кесилиштеринде видеобайкоо гана иштен чыкты, жол коопсуздук эрежелерин каттаган аппараттык-программалык комплекс штаттык режимде иштеп жатат.

Учурда келтирилген зыяндын суммасы эсептелүүдө. Ошондон кийин тартип коргоо органдарына арыз жазылат.

Мекеме өкүлдөрү белгилегендей, камералар талкалоо учурун толук жазып алган, кылмышкерлер ошонун негизинде аныкталат. Талкаланган техника жакын арада оңдолот.

8-августта Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетти. Ага чейин ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин алкагында үч жолу суракка чакырылып, барбай койгон. Атамбаевдин тарапкери деген 500-600дөй адамдан туурган жаалданган топ Кой-Таштан бери Бишкекке жөө келген. 

"Азаттык"