Печать
Категория: Коом
Просмотров: 71

 

 Латвиянын укук коргоо кызматтары тарабынан акча каражатын адалдоо фактысы боюнча Дүйшөнбек Зилалиевдин аялына жана балдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, экс-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзымсыз баюусу боюнча кылмыш ишинин алкагында Латвиянын укук коргоо кызматтары өлкөнүн Кылмыш жаза кодексинин 195-беренесинин негизинде Зилалиевдин аялы жана балдарына карата латвиялык банк аркылуу  ири суммадагы акча каражатын адалдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат келген.

 

 Бул кылмыш иши Латвиянын Каржы чалгындоосунан алынган маалыматтын негизинде козголгон.

 

 Риганын коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, Зилалиевдин аялы Латвиядагы ири банктардын биринде   балдары үчүн  эсеп ачкан. Депозиттик эсептер Жамиля, Бектур жана Алим Зилалиевдердин атына ачылган. Ушул банктык эсептер аркылуу өтө ири суммадагы акча которуулары бир нече жолу жүргүзүлгөн.