Печать
Категория: Коом
Просмотров: 71

 

Саясий туткундарды реабилитациялоо боюнча Жарандык биримдиктин мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана башка саясатчылар Алмаз Атамбаевдин камалышын талап кылып, президент Жээнбековго ачык кайрылуу жолдошту.

 

 Алар акыркы эки жылда президент Сооронбай Жээнбековдун тазалануу жана жаңылануу саясатын жүргүзүп жатканын белгилешкен.

 

 “Атамбаев өлкөнү башкарган учурда коррупция болуп көрбөгөндөй өстү, кыргыз мамлекетинин жана кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келген иштер жасалды. Сооронбай Жээнбеков Мекен кызыкчылыгын мурдагы досунун өзүмчүл кызыкчылыгынан жогору койгонун белгилейбиз. Президенттин жаңы саясаты Жогорку Кеңеш тарабынан чечкиндүү колдоого алынып, депутаттар Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статусунан ажыратып, тарыхый чечим кабыл алышты”, - деп жазылат кайрылууда.

 

 Андан ары акыркы учурда укук коргоо кызматтарынын түшүнүксүз аракеттери күч алып жатканына токтолушкан. Алар ЖЭБдеги коррупция боюнча шектелген Аскарбек Шадиев менен Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча шектелген Бусурманкул Табалдиев качып кетишин Сооронбай Жээнбековдун мурдагы досун тымызын колдоосу катары түшүнүшкөн.

 

“Бул жерде сиз мурдагы президенттин кызыкчылыгына карай иш жүргүзүп жатасыз. Болбосо, эмнеге Атамбаевге карата депутаттык комиссия белгилеген 6 пунктагы айыптоолдордун эң башкысын – мамлекеттик бийликти узурпациялоо жана саясий куугуктук жасоону алып салдыңыз? Жообу белгилүү – бул сиздин Атамбаевге болгон тымызын колдооңуз”, - деген саясий туткундар президентке Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу талабын коюшкан.