Печать
Категория: Коом
Просмотров: 75

Алардын ичинен 20сы «Jhong ji Mining» компаниясынын кызматкерлери.

 

Алардын 19у ооруканага жаткырылып, бирөө дарыгерлердин жардамын алгандан кийин ооруканадан чыгарылды.

 

Ошондой эле жаракат алган дагы бир жергиликтүү тургун дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

 

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы аларга баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган деген диагноз коюлганын билдирди. Дарыгерлер жабыркагандардын абалын туруктуу деп баалап жатышат.

 

Андан тышкары Бишкектин Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна «Jhong ji Mining» ишканасынын дагы 19 кызматкери кайрылган.

 

Учурда Солтон-Сары жайлоосунда үч «Тез жардам» кызматы иштеп жатат.

 

5-августта Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. Абалды жөнгө салыш үчүн учурда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү Солтон-Сарыда жүрүшөт. Милиция окуяны териштирип жатат.