Печать
Категория: Коом
Просмотров: 67

 

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун жолунда кебез жүктөп бараткан  оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 6-августта саат 12:30да болгон.  «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтоп турган маалда электр зымдары өрттөнгөн. Анын кесепети унаага тийип, кабинасы жалынга чырмалган.

 

Жабыркагандар катталган жок.