Печать
Категория: Коом
Просмотров: 92

 

Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-иликтөө борборуна Zhong Ji Mining кытай компаниясынын Солтон-Сары кениндеги окуяда жабыркаган 19 жумушчусу кайрылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

 

Маалыматка караганда, жумушчулар медициналык жардамга өз каалоолору менен кайрылышкан. Учурда дарыгерлер диагноз коюу үчүн текшерип жатышат. 

 

Нарын облустук ооруканасына да окуядан жабыркаган 20 адам жаткырылган, алардын 19у кытайлык жумушчулар. Солтон-Сары жайлоосунда тез жардам кызматынын үч бригадасы нөөмөт менен иштеп жатат. Алар жергиликтүү 29 тургунду кан басымы көтөрүлүп кеткени үчүн кабыл алышкан.