Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

 

Бул Мыйзам алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлордун айрым маселелерин жөнгө салуу жолу менен эне жана бала институтун коргоого багытталган.

 

Тактап айтканда, алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлор тууралуу маалыматтарды камтыган электрондук базаны түзүү жана иштетүү каралган. Издөөдө жүргөн карызкорду тапкан учурда сот аткаруучусу доогердин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде карызкордун сүрөтүн жана карыз жөнүндөгү маалыматты мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын расмий баракчасында жайгаштырат.

 

Карызды толугу менен төлөп бүткөндөн кийин же аткаруу өндүрүшү токтогон соң сот аткаруучусунун демилгеси менен карызкор тууралуу маалымат ыйгарым укуктуу органдын расмий баракчасынан алынып салынат.

 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.