Печать
Категория: Коом
Просмотров: 83

Анын айтымында, компания Кыргызстандан чийки зат сатып алууга кызыктар.

 

Токтогазиев компания менен байланышуу кыйынга турганын, бирок биринчи сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өткөнүн, алардан сунуш күтүп жатканын билдирди.

 

«Негизи «Нестле» менен сүйлөшүүнүн өзү эле ийгилик. Компания өтө чоң, анын капиталы 290 миллиард доллар, жылдык кирешеси – 14 миллиард доллар. Бул Кыргызстандын ИДПсынан да көп. Мен чийки зат сатып алууга жооптуу киши менен сүйлөштүм. Ал Кыргызстанда болгон экен жана бул жак жагыптыр. Ал эң даамдуу помидорду Жалал-Абад облусунан жегенин айтты», - деди Тилек Токтогазиев.

 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен кыргызстандык фермерлер кайра иштетилген сырьену экспорттоого мүмкүнчүлүк алышты. Кыргыз тарап эки ай ичинде анализ жүргүзүп, кайсы продукцияларды кандай өлчөмдө Nestle компаниясына жөнөтө аларын аныктоого тийиш.

 

«Компания ар түрдүү багыттагы тамак-аш продукцияларын чыгарат, алардын бири – тез түштөнүү. Силер билесиңер, бизде картошка көп өстүрүлөт, анын көбү арзан сатылууда, фермерлер чыгаша тартып жатат. Бизде кургатылган мөмө жемиштерди Орусия рыногуна ташыган компания бар. Бул секторду өнүктүрүү менен биз Нестле эле эмес башка ири компаниялар менен да кызматташа алабыз. Айрым азыктар тез бузалат, бирок аларды кургатуу жана тоңдуруу аркылуу сактоо көйгөйүн чечсе болот», - деди Токтогазиев.

 

Ишкердин айтымында, учурда Кыргызстанда 400дөн ашуун фермер бар, алардын көбү ар кыл ассоциацияга мүчө болгону менен чачкын. Кыргызстан агрардык ассоциациялар жана өндүрүүчүлөр альянсынын жардамы менен Тилек Токтогоазиев фермерлердин, кайра иштетүүчүлөрдүн, логисттердин башын бириктирип, ири рынокторго бирге чыгууга ниеттенүүдө.