Жогорку Кеңеш бир даана "Лексус - 470" автоунаасын оңдотууга 254, 4 миң сом коротоору мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматтан улам белгилүү болду.
Анда жазылгандай, 2003-жылы чыккан «Лексус-470 LX» үлгүсүндөгү автоунааны оңдоодон өткөрүү пландалып жатат. Автоунаанын жүрүү бөлүгү оңдолуп, маңдайдагы айнеги алмаштырылат. Бычылган баага оңдоо-сервистик кзымат акысы да кирет.
Ал эми каражат мамлекеттик казынадан бөлүнөт.