Печать
Категория: Коом
Просмотров: 64

 

Казакстандан келген туристтердин көлдүн жээгинде жүрүп, дайынсыз кеткен 4 жаштагы баласы табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен кабарлашты. 

 

Маалыматка караганда, Ысык- Көл облусундагы Бостери айылына жакын жайгашкан пансионаттардын биринде Казакстандан келген туристтер милиция кызматкерлерине кайрылышкан. Болжол менен 15.00дөрдө кайрылган ата-эне 2014-жылы туулган баласын издешүүгө жардам сурашкан. Баланы Бостери айылындагы башка пансионаттардагы көл жээгинен издешкен. 

 

Бир сааттын аралыгында бала тирүү жана эч кандай зыян албаган абалында табылган. Ал өздөрү турган пансионаттан 2 километр ары жактагы пансионаттагы көл жээгине кетип калган. Туристтик милициянын кызматкерлери баланы ата-энесине жеткирип беришти.