Печать
Категория: Коом
Просмотров: 98

 

Бишкектин Ленин райондук соту экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын үстүнөн жазылган учурдагы депутат Сагындык Келдибаевдин арызы боюнча чечимин чыгарды. 

 

Соттун канцеляриясынан алынган маалыматка караганда, Ыргал Кадыралиеваны  Сагындык Келдибаевге моралдык компенсация катары 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. 

 

Эске салсак, доо арызды Келдибаев өткөн жылдын июнь айында жазган. Буга Ыргал Кадыралиеванын маалымат жыйынында депутатты Россиянын жараны деген билдирүүсү себеп болгон. Келдибаев алгач ал 7 миллион сом талап кылган. Ал эми 50 миң сом кайрылук иштерине жумшалаарын мурда эле билдирген.