Печать
Категория: Коом
Просмотров: 102

 

Нигериялык укук коргоочу Шеху Сани Нигериянын өкмөтүн Кыргызстанга чара көрүүгө чакырды. Эске салсак, 2-июлда Бишкектеги ЦУМдун жанында Cambridge Schoolдун директору  Али Тиджани Абубакар токмоктон алган жараатынан үч күн ооруканада жатып, өзүнө келбей каза тапкан. Аны токмоктогон жаран көп өтпөй кармалып, учурда убактылуу кармоочу жайда. 

 

 

Шеху Сани соцтармактагы баракчасынан Нигериянын өкмөтүнө кайрылды: 

 

"Биз бир жаагыбызга муштум жесек, экинчи жаагыбызды тосуп беребиз. Нигериялык жарандар чет өлкөлөрдө көп киши колдуу болуп жатышат. Бул мени тынчсыздандырат. Федералдык өкмөтүбүз Али Тиджани Абубакардын ырайымсыз өлтүрүлгөнү үчүн жообун Кыргызстандын бийлигинен сурашы керек", - деп жазды ал.