Печать
Категория: Коом
Просмотров: 102

 

ӨКМнын куткаруучулары Ала-Арча дарыясына кулаган 25 жаштагы жигиттин сөөгүн табышты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, дарыяга жигиттин кулап кеткени тууралуу кабар аталган министрликтин куткаруу кызматына 14-июлда келген. Бүгүн жигиттин сөөгүн издөө иштери улантылган. Ага 20 куткаруучу тартылган. Саат болжол менен 11.46да маркумдун сөөгү табылды.