Токмок шаарынын тургундары Шаардык соттун имаратынын алдына жергиликтүү милициянын ашепке кылыгына нааразы болуп митингге чыгышты.
Бул тууралуу Чүй ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, митингди 2018-жылдын август айында Токмоктогу мал базарында чыккан окуянын катышуучуларынын туугандары өткөрүшүүдө.
Эске салсак, Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансейитов айылдашы Талантбек Жамангуловго бычак менен кол салган. Шектүүнү сыртынан айыптап, издөө жарыяланган. Ушул жылдын апрель айында ал милицияга өзү келген. Иш кайра иликтөөгө жиберилген. Мындан улам жабырлануучунун туугандары калыс териштирүүнү талап кылышууда.