Печать
Категория: Коом
Просмотров: 169

 

Маалымат жыйынында  Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов кыргызстандыктарды абдан эле оокаттуу ойлоп алганы белгилүү болду. Анын айтымында, газ үчүн кыргызстандыктардын кимиси болбосун айына 6-7 миң сом "ойноп" эле төлөп кое алат. 

 

Ал өлкөнү газ менен камсыз кылуу айлана-чөйрөгө тийген терс таасирлерди азайтат деп билет. Ошондой эле, кыргызтандыктарды жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды. 

 

Журналисттердин: "Эл айына 6-7 миң сом газга төлөй алат деп ойлойсузбу?" - деген суроосуна, бейгам гана "Ооба", - деп жооп берди. 

 

Анын пикиринде, жаратылыштын булгануусу алты-жети миң сомдон  жогору турат. Ал эми учурда Кыргызстанда жашоо минимуму 4-5 миң сомду түзүп жатканын билдирген статистика да директорду ынандыра албады. Ал эгер жашоо минимуму ушунча аз болсо, эки кабаттаган үйлөр кайдан пайда болду деген суроону узатты. 

 

Пенсионерлердин маселесин да Рустамов чечип койду. "Жалгыз бой аялдар, пенсионерлер жалгыз жашабашы керек, аларга балдары жардам бериши керек", - деп чечкиндүү жыйынтык чыгарды. 

 

 

Ошондой эле ар бир кыргызстандык кааласа, иштеп, акча табууга мүмкүнчүлүк толтура экенин белгиледи. 

 

Ошентип, Абдыкалык Рустамов Кыргызстанды эли айына газ үчүн 6-7 миңди ойлонбой төлөй алган бай өлкөлөрдүн катарына кыялында кошуп койду...