Печать
Категория: Коом
Просмотров: 195

 

 

Кыргызстандын бардык аймактарында  юристтер тобу жарандарга  акысыз юридикалык кеңеш беришет. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин алдындагы кепилденген мамлекеттик юридикалык жардамды координациялоо борборунун директорунун орун басары Жылдыз Рыскулова  маалымат жыйынында билдирди.

 

Айтымында, июнь айынын акыркы жекшембисинде  Кыргызстанда Юристтер күнү белгиленет. Мындан улам  26-июнь күнү калк үчүн акысыз укуктук-кеңештик жардам акциясын өткөрүү чечими кабыл алынган.

 

"Бул иш-чаранын максаты – сот адилеттүүлүгүнө жетүүнү жакшыртуу, калктын укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Иш-чарага министрликтин алдындагы кепилденген мамлекеттик юридикалык жардамды координациялоо борборунун кызматкерлери, башка мамлекеттик органдар, Акыйкатчынын аппаратынын өкүлдөрү катышат", - деди Рыскулова.

 

Маалымат үчүн:

 

Бишкек -  «Азия Молл» (Ч. Айтматов, 3) «Дордой Плаза» (Ибраимов, 115) соода-эс алуу борборунда жана «Аю Гранд» соода борборунда өтөт (Ч. Валиханов, 2). Убактысы: 11:00 - 20:00.

 

 

 

Чүй облусу - (10:00 - 20:00):

Кара-Балта, Рабочая көч. 8; Т. Кожомбердиев көч. 102 (Акысыз юридикалык жардам борбору), Токмок, М. Горький көч. (Борбордук «Булак» базары, башкы эшик).

 

Ош облусу- «Корона» соода борбору (Навои көч., 10:00-15:00), Алай районундагы Акысыз юридикалык жардам борбору, Гүлчө айылы, Нарматов көч., Ноокат районундагы Акысыз юридикалык жардам борбору, Ноокат шаары, А. Лутфуллаев көч. (10:00-20:00).

 

Талас облусу- (саат 10:00-20:00), Борбордук аянт.

 

Ысык-Көл облусу- Юстиция башкармалыгынын имараты Тыныстанов көч. 21, Каракол соода үйү Токтогул/Алыбаков көч. (10:00-16:00).

 

Жалал-Абад облусу - Жалал-Абад шаарынын Юстиция башкармалыгынын имараты, Кыргыз Республикасы көч. 139-а, Базар-Коргон шаарынын Акысыз юридикалык жардам борбору, Бекмамат Осмонов көч. 126, Жалал-Абад шаарынын Ч. Айтматов аймактык башкармалыгы Токтогул көч. 14, Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгү (10:00-12:00).

 

Баткен облусу - Кадамжай шаары, Орозбеков көч. 1, Акысыз юридикалык жардам борбору (10:00-20:00), Исфана шаары Кошмуратов көч. 46, Акысыз юридикалык жардам борбору, Баткен шаары борбордук аянт (10:00-16:00).