Экс-башпрокурор Аида Салянованын ден соолугу жакшыра элек, бирок аны ооруканадан абакка которууга ниеттенишүүдө. Бул тууралуу депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Айтымында, ооруканада дарыланып жаткан Саляновага депутаттарды киргизип жатышат. Ал да ооруканага барып экс-башпрокурордун акыбалы менен таанышкан.
“Азыр аны абакка которолу деп жатышат. Бирок, анын ден соолугу жакшыра элек. Мындай абалында камерага кармоого болбойт. Аида Жеңишбековнанын бала чагынан бери жүрөк оорусу бар. Азыр эми пневмония да болуп калыптыр. Дарт стресстен улам күчөп жатат”, - деди депутат.