Бишкек шаарында орто мектепти мыкты баалар менен аяктаган бүтүрүүчүлөргө адатка айланып калгандай бүтүрүү кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардагы мектептердин 6197 бүтүрүүчүсүнүн арасынан 56сы Бишкек мэриясынын билим берүү Башкармалыгынын “Алтын тамга - 2019” салтанаттуу иш чарасынын коногу болушту. Алтын медалисттерди вице-мэр Татьяна Кузнецова, шаардык кеңештин депутаты Адиса Имангазиева жана башкалар куттукташты.