Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов үй камагына алынды.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, судья А. Батукаевдин айыккыс дарты тууралуу материалды терең иликтебей туруп, ЖАМКнын сунуштамасын канааттандырган. Мындан улам мыйзамдагы ууруга Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Жапар Эрматовго карата КР Жазык кодексинин 335-берененин 1-бөлүмү (билип туруп сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу) жана 319-берененин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча кылмыш иш козголду жана ал Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.