Бир катар жарандардын Кыргызстандагы коммерциялык банктардагы ячейкаларда 2009-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин сакталган депозиттик жана башка эсептер, операцияларга тиешелүү бардык документтерди өндүрүшкө алууга уруксат берилди. Чечим Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды. Тиешелүү токтом 19-июнда чыккан.
Эсептери тоңдурулган жарандар:
- Атамбаев Алмазбек Шаршенович;
- Атамбаева Раиса Мирахмедовна,
- Атамбаев Кадырбек Алмазбекович;
- Атамбаева (Шагиева) Алия Алмазбековна;
- Атамбаев Сеилбек Алмазбекович;
- Атамбаев Сейтбек Алмазбекович;
- Атамбаева Диана Алмазбековна;
- Атамбаева Динара Алмазбековна;
- Шаршенов Нурбек Валибекович;
- Шагиева Луиза Фаритовна;
- Шагиева Альбина Рамильевна;
- Байбурин Артур Вилорович;
- Байбурина Лилия Тавфиковна;
- Рахмаджанова Жибек Манасовна;
- Матыбалдиева Аэлита Жумабековна;
- Бектимиров Раис Эрикович;
- Шагиев Рамиль Минахмедович;
- Абдуллаев Кайрат Турдаджиевич;
- Пархати Субихи Вуфуерович;
- Темирбеков Азиз Пайзуллаевич;
- Ахмет Кая;
- Мусакеев Дамир Сагындыкович.
Аскер прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору сотко ушул мааниде өтүнүч жолдогон. Сот өз кезегинде аны канааттандырды. Эми 5 сутканын ичинде Бишкек шаардык сотуна апелляциялык тартипте даттанууга мүмкүн.